Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, операциянын түрк дарыгерлери кыргыз-түрк «Достук» клиникасында жасашат.
Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди. Алар «Семетей» мейманканасында жайгаштырылды.
«Мисалы, Белоруссияда бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Муну Орто Азияда жана кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан деп айтсак болот», — дейт Дайырбек Орунбеков.
Алгачкы операция август айында күтүлөт.