Өткөн аптада ОМОН Котельникидеги көп кабаттуу үйдө жайгашкан намазканадагы жума намазын үзгүлтүккө учураткан.
Мусулман коомчулугунун 10-июлда соцтүйүндөргө жарыяланган үч мүнөттүк видеокайрылуусунда ОМОН кызматкерлери жума намазы учурунда бут кийимдери менен кирип келип, андагы адамдарды кемсинткени, ал жерде намаз окуп жаткандардын көбү Орусиянын жарандары болгону айтылган.
«ОМОН жума намазын үзгүлтүккө учуратты. Имаратка уулуу газ чачып, адамдарга каршы электршокерлерди колдонушту. Алардын мындай аракети улут жана дин аралык тынчтыкка чоң доо кетирүүдө», — деди видеодо сүйлөгөн жарандардын бири.
Кайрылуунун авторлору Путинди бул кырдаалга кийлигишүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырышкан.