«Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт», — деди ал.
Бишкек шаардык административдик соту бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленгенин билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов («Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») 6-июлда мандатынан ажыраткан.