Акылбек Жапаров иштеген саатына жараша айлык акы төлөөнү сунуштайт

17:19, 11 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иштеген саатына жараша маяна төлөөнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги жыйында билдирди.

Ал министрликке Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүүнү тапшырды.

«Дүйнөнүн баардык булуң бурчунда саатына карата айлык акы төлөнөт. Бизде айына берилет. Тигүүчү цехтер тигилген кийимдин саны менен төлөшөт. Мисалы, ар бир көйнөк үчүн 15 сом. Биз дагы эле совет мезгилиндеги акы төлөө ыкмасы менен иштейбиз», — деди ал.