15:32, 11 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 65,3 миллиард сомду түзөт. Бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, билим берүү тармагынын чыгашалары өсүүдө. 2019-жылы чыгымдар 32,6 миллирд сом болсо, 2020-жылы — 36,2 миллиард сом, 2021-жыл — 40,7 миллиард сом, 2022-жылы — 63,2 миллиард, 2023-жылы — 65,3 миллиард сомду түзөт.
Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.