Бишкек-Балыкчы поездди күн сайын каттап турат

14:31, 11 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Балыкчы поездди июль жана август айларында күн сайын каттап турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, поезд эртең менен саа 7.40да жолго чыгат. Балыкчы шаарына 11.46да келип калат.

Балыкчыдан кайра Бишкекке 17.48де жөнөйт.

Билет баасы балдарга 73 сом, чоңдорго 150 сом.