Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары менен 87,05 пайыз добуш менен Шавкат Мирзиеев утушка ээ болду.
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
«Сиз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңдалышына олуттуу салым кошууну улантып жатасыз, ушууга байланыштуу биз биргелешкен аракеттер менен көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да арттырабыз жана алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жана боордош эки элдин бакубатчылыгы үчүн бардык макулдашууларыбызды илгерилетүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз деген бекем ишенимимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда күчүнө кирген Конституциялык өзгөрүүгө ылайык Шавкат Мирзиеевдин буга чейин президенттик мөөнөтү жокко чыкты. Ал дагы эки жолу шайлоо катышып, 2037-жылга чейин өлкөнү башкара алат.