Баткенде Коргоо министрлигинде кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

11:55, 10 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Коргоо министрлигинин Баткендеги аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан бир жоокер каза болду.

Министрликтин маалыматында, 19 жаштагы жоокер келишим менен иштеп жаткан. Ал кокустан өзүн атып алган.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коргоо министрлигине ички тартипти күчөтүүнү сунуштаган.