Германиянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык, түркмөнстандык жана беш тажикстандык жаран кармалган. Алардын шериктери: тажикстандык жана кыргызстандык жубайлар да колго түшкөн.
Кармалгандар террордук уюм түзүүгө жана анын ишине катышууга, ошондой эле «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмун колдоого шектелишүүдө.
Маалыматка караганда, кармалгандар бири-бирин көптөн бери билишкен жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барышкан.
Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүрүшкөн. Прокуратура билдиргендей, алардын кармалган маалда кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.
Шектелгендердин соту 6-7 июль күндөрү өтүп, алардын бөгөт чарасы каралат.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.