10:19, 06 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Иш сапарда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.
Андан сырткары, Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.
«Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.