Жыл башынан бери коомдук жайда тамеки тарткандарга 11 миң 118 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Андан тышкары, өспүрүмдөргө мыйзамсыз тамеки саткан окуя боюнча 28 протокол түзүлүп, дүкөндөр 42 миң сомго айыпка жыгылды.
ИИМ коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынгандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.