Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.
«Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет», — деди Назирбек Бөрүбаев.
Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.