Mega компаниясынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы сатып алат
16:25, 04 июля 2023, Бишкек - 24.kg
«Альфа Телеком» компаниясын (Mega соода маркасы) ктүрүү мамлекеттик банкы сатып алат. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Уюлдук компания аукционго коюлду. Анын баасы 14,6 миллиард сомго бааланды.
«Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө», — дейт ал.