«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын билеттери жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, лотереянын экинчи этабына 2-июлдан тарта киргизилген чектерге алынган билеттер гана катыша алат. Лотерея 25-декабрда өтөт.
Биринчи турдун жеңүүчүлөрү кайра катыша алышпайт.
Белгилей кетсек, экинчи турда 10 батир ойнотулат.