18:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров: «Асман» шаарынын долбооруна өлкө казынан акча кеткен жок

Бүгүн Ысык-Көлдө «Асман» шаарынын курулушу башталды. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Өлкө башчысы долбоор боюнча коомчулуктун пикири экиге бөлүнгөнүн айтты.

«Бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, «Акылдуу шаар» курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле» деп, буга чейинкидей эле кедейчилик синдромунан чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, «бийликтегилер куру кыял кылып жатышат» деген шашылыш бүтүм чыгара салышты. Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчи бөлүгү чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып келди«, — дейт ал.

Шаарчанын долбоору 1,5 жыл даярдалган.

Президенттин айтымында, долбоорун даярдоого жана курулушту баштоого өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок.

«Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен «Асман» экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду «быссымылда» деп баштап жатабыз. Учурунда Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлор ишке ашкан жана азыркы кезде дагы ийгиликтүү өнүгүүдө. Андыктан, аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы Асман шаарын кура алабыз! Башкалардан эмнебиз кем?», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар