Чүйдө 12 жашар кыз сууга чөгүп каза тапты

11:16, 29 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Чүйдө Нижняя Серафимовка айылында 12 жашар кыз сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өспүрүм Нооруз каналына түшүп кеткен. Куткаруучулар кыздын сөөгүн ата-энесине өткөрүп беришти.