11:08, 29 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды. Парламент жумуш топ иштеп чыккан вариантты үчүнчү окууда жактырды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоордун бул вариантына Элдик курултайдын делегаттары каршы чыгышкан. Алар депутаттардан президенттик администрация сунуштаган мыйзам долбоорун өзгөрүүсүз кабыл алууну талап кылышкан.
Кабыл алынган долбоор боюнча Элдик курултайдын делегаттары бир жолку жыйынга гана шайланат. Алардын аткаруу, жергиликтүү бийликтердин жумушуна кийлигишүү укугу жок.