Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү укугун алып салды

10:55, 29 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү укугун алып салды. Президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды.

Тергөө боюнча Башкы прокуратуранын көзөмөлүндөгү беренелер УКМК менен ИИМге бөлүнүп берилет.

УКМКга кошумча 22 берене боюнча тергөө жүргүзүү жоопкерчилиги жүктөлөт.