«Самара — Большая Черниговка» жолунда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Натыйжада Hyundai Elantra автоунаасынын айдоочусу жүргүнчүлөрү менен толук набыт болгон. Ал эми Honda Stepwgn автоунаасынын бир жүргүнчүсү мүрт кеткен.
Автокырсыкта кыргызстандык жарандар набыт болгонун жана жараат алгандары да бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастады.
ТИМдин басма сөз кызматы маалымат дагы такталып жатканын, кечирээк толук расмий кабарланарын билдирди.
Орусияда кыргызстандык жарандар автокырсыктан набыт болгон учурлар буга чейин да катталган.
Былтыр 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, үчөө жараат алган. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.