Кытай Иран аркылуу Өзбекстанга товар жеткире баштады

09:43, 27 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Сямынь портунан чыккан алгачкы контейнер поезд Өзбекстанга жетти. Бул тууралуу «Узтемиржолконтейнер» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тиричилик техникалары жүктөлгөн 40 футтук 39 контейнер 14 күндөн кийин, 25-июнда Ташкенттеги Сергели станциясына жеткени жазылган.

Маалыматка караганда, контейнерлер Кытайдан деңиз аркылуу Ирандын Бандар-Аббас портуна жеткирилип, андагы темир жол платформаларына жүктөлүп, Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына кирген.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги Кытайдын Ланжоу станциясынан Ташкентке блок поезди жөнөтүлгөнүн, бул каттам «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» транспорт коридору аркылуу жүк ташуу максатында башталганын айткан.