Таш-Көмүрдө 10 күндөн бери жети жашар бала дайынсыз болууда

11:49, 26 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Таш-Көмүр шаарында 7 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бала 15-июнь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштерин 7 куткаруучу жана төрт жергиликтүү тургун жүргүзүп жатат. Бала Нарын дарыясына түшүп кеткени айтылат.