Эдил Байсаловго мамлекеттик кызматкердин жогорку чени берилди

17:44, 23 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Класстык ченди Акылбек Жапаров тапшырды.

Фото

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу боюнча президентке сунуш жөнөттү.