Кыргызстанда жашаган Ооган качкындары аларды АКШ, Канадага жөнөтүүнү талап кылды

16:01, 20 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жашаган Ооган качкындары бүгүн Бишкек шаарында БУУнун кеңсесинин алдына митингге чыгышты. Алар эл аралык уюмдан аларды АКШ, Канада жана Батыш Европага жөнөтүүнү талап кылышты.

Акцияга он адам катышты.

Качкындардын айтымында, алар 20 жылдан бери КРда жашаганына карабай жарандык ала албай келишүүдө.

«Эгер Кыргызстанга керек эмес болсо, анда бизди үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүшсүн», — дейт алар.

Фото