Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга келет

11:42, 20 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Асел Бегматова билдирди.

Владимир Путиндин иш сапарынын алкагында кыргыз-орус экономикалык форуму өтөт.

Андан сырткары, Орусия куруп бере турган 9 мектептин бирөөсүнүн пайдубалына капсула салынат. Достук паркынын ачылышы болот.