Казакстандын абактарында 82 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында элчи Дастан Дюшекеев билдирди.
Анын айтымында, Казахстанда жалпысынан 63,8 миң кыргызстандык жашайт. Анын 45-50 миңи түштүк аймагында. 22 миң 500 мекендеш консулдук каттоодо турат.
15 миң кыргыз жараны Казакстандын миграциялык мыйзамдарын бузган.