16:47, 19 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдакы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.
Шектүү тергөө иши аяктаганча, 24-июнга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, Жеңиш Разаков алдамчылыкка айыпталууда. Ал парламенттин мурдакы депутаты Арзыбек Бурхановдун ишенимине кирип, 1 миллион доллар эсебинде алган карызын кайтарган эмес.