16:15, 16 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Чыңгыз Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгында 8 киши жабыркады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ыкчам медициналык кызмат борборунун директору Егор Борисов билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгына кабылган № 132-маршрутканын 8 жүргүнчүсү ар кандай жаракат алган. Анын жетөө ооруканага жеткирилди. Оор жаракат алгандар жок.
Күбөлөрдүн айтымында, кичи автобустун айдоочусу рулду башкарып бара жатып, эс-учун жоготкон. Унаа жол жегиндеги жармана үкөгүн сүзүп токтогон.