Марат Иманкуловдун сөзүнө караганда, ушул тапта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору иштеп жатат.
«Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан «кел чек араны чечели» деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек», — дейт ал.