Ысык-Көлдө полиэтилен буюмдарын колдонууга тыюу салуу этап-этабы менен ишке ашат

17:51, 13 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө полиэтилен буюмдарын колдонууга тыюу салуу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында чыгарылган жарлыгы этабы менен ишке ашат.

Ал үчүн учурда токтом долбоор даярдалууда.