Ошто журналист Ыдырыс Исаковго кол салуу боюнча териштирүү башталды

16:14, 12 июня 2023, Бишкек - 24.kg

«Ош» пансионатынын мурдакы директору Маматкерим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрдү.

Ал Ыдырыс Исаковдон күбөлүк талап кылып, уруксатсыз видеого тартканына каршы болгон.

Окуя болгон жерген милиция чакырылып, териштирүү иштери башталды.