Суугат жерлерге үч учурда курулуш курууга уруксат берүү сунушталууда

11:48, 12 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Айыл-чарба жерлеринин категориясын өзгөртүүгө салынган мораторийге өзгөртүү сунушталууда.

Анын демилгечиси Марлен Маматалиевдин айтымында, суугат жерлер курулушка үч учурда гана берилет.

«Аэропортторду курууга, мамлекеттик объекттерди жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрүн салууга гана жер керек болгон учурда трансформация болот», — дейт ал.