Кыргызстандын университеттеринде 71,7 миң чет элдик жаран билим алууда

10:54, 12 июня 2023, Бишкек - 24.kg

2022-2023-жылкы окуу жылында Кыргызстанда 71,7 миң чет элдик студент билим алууда. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет маалымдайт. 

Анын маалыматында, студенттердин 46,3 миңи КМШ өлкөлөрүнөн келишкен. 

  • Өзбекстан — 40 миң 282;
  • Казакстан — 3миң  179;
  • Орусия — 1 миң 916;
  • Тажикистан — 876;
  • Туркменстан — 64;
  • Индия — 15 миң  306;
  • Пакистан — 8 миң 407;
  • Түркия — 467;
  • Кытай — 399;
  • Ооганстан — 347;
  • башка өлкөлөр — 431.