Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун өзү басып чыгара баштайт

14:27, 09 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан сомду өзү басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Президенттин айтымында, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды.

«Түзүлгөн жагдай Улуттук банктын каржылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Ал улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, каржылык-банктык системанын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын каржылык мекемелерге болгон ишенимин сактоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантышы кажет», — деди Садыр Жапаров.