Бишкекке жаңы суу топтомо жайын курууга 150 миллион сом бөлүнөт

14:51, 08 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бюджет комитети Бишкекке жаңы суу топтомо жайын курууга 150 миллион сом бөлүү сунушун колдоду.

Жаңы суу топтому «Башкара-Суу» аймагында курулат.

Бишкектин бир канча конуштарында май айынан бери суу жок. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт. Учурда «Орто-Алыш» суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.