Бул тууралуу ТАСС агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз департаментинин башчысы Шохин Самадиге шилтеме берүү менен билдирди.
5-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына барганда «Тажик бийлиги ЕАЭБге кирүүнүн пайдасын өздөрү аныктайт» деген ишенимин билдирген.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү тактагандай, тараптар Тажикстандын ЕАЭБге интеграцияланышын президент Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда да, тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен болгон сүйлөшүүлөрүндө да талкуулашкан эмес.
«Тажикстандын ЕАЭБге кирүү маселеси күн тартибинде жок. Душанбедеги жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу, аймактык коопсуздук маселелерине көңүл бурулду», — деди Шохин Самади.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанга расмий сапар менен 5-июнда барган.
Соңку кездери Орусияда тажикстандык мигранттарды кармап, камаган учурлар көп каттала баштаган. Айрым эксперттер муну менен орус бийлиги Тажикстанды Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө мажбурлагысы келет деп болжолдошкон.