ӨКМ. Эртең күн 40 градуска чейин ысыйт
16:03, 06 июня 2023, Бишкек - 24.kg
7-9-июнь күндөрү аба-ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35...40°, Талас облусунда 33...38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз.