Бишкектин «Дордой» клубу «Аль-Наср» менен кызматташмакчы

15:30, 06 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин «Дордой» клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойногон саудиялык «Аль-Наср» клубу менен кызматташууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги «Дордой» клубуна шилтеп жазды.

Клубтун жетекчиси Аскар Салымбеков өткөн аптада Сауд Аравиянын Про-Лигасынын алкагындагы «Аль-Наср» менен «Аль-Фатех» беттешине барган. Анда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жаштар футболун өнүктүрүү талкууланган.

Фото

Аскар Салымбековго өзүнүн аты-жөнү жана «7» номери жазылган футболка белекке берилди.

Белгилей кетсек, аталган араб клубунда белгилүү футболчу Криштиану Роналду ойнойт.