12:45, 02 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө бүгүн саат 10:19да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Чоң Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор жок.