Равшан Жээнбеков 13 жашар кызынын энесин абактан бошотууну талап кылды
10:05, 02 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Камакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Ал Балдарды коргоо күнүндө анын 13 жашар кызы жалгыз калганын белгилейт.
«Кечээ сиздин түздөн-түз буйругуңуз менен кыргыздын бир 13 жашар кызын сиз энесиз жана кароосуз талаада калтырдыңыз. Талаада калды. Себеби ал кыздын атасын 8 ай мурун каматкансыз.
Мамлекет, бийлик өзгөчө балдарга гумандуулукту, сүйүүнү, боорукерликти көрсөтөт. Сиз бийликтин зөөкүрлүгүн 13 жашар кызым Айжанга көрсөттүңүз», — дейт ал.
Равшан Жээнбеков анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тийбей, өзү менен күрөшүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаевага каршы иш козголуп, эки айга камалды.