Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына чакырылды

15:13, 01 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына чакырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн эки өлкө президенти телефон менен сүйлөштү.

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.