Эң көп бала Донецк, Харьков жана Херсон облустарында жапа чеккен.
«Жабыр тарткандар мындан да көп болушу мүмкүн. Уруш жүрүп жаткан, убактылуу басып алынган жана баскынчылардан бошотулган аймактарда жабыркагандарды аныктоо иштери жүрүүдө», деп кабарлады прокуратура.
БУУнун маалыматы боюнча 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 8-майына чейин Украинада 8 791 жай тургун набыт болуп, 14 815и жарадар болгон. БУУ курмандыктардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт.