Күн мурун социалдык түйүндөрдө Өзбекстан эки өлкөнүн чек арасындагы 2010-жылы тургузулган дубалды бузуп жатканы тартылган видеотасма тараган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бул видео Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы «Бекабад-Ханабад» өткөрүү бекетинде тартылган. Дубал аталган бекеттин ишин калыбына келтирүү үчүн бузулганы кабарланды.
«Бул чек ара бекети жакында ачылат. Кыргыз тарап жарандарды кайрадан өткөрө баштоого толугу менен даяр», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы «Карасуу» жана «Кара-Багыш» чек ара бекеттерин да кайра ачуу пландалууда. Бул маселе бир нече жылдан бери эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан талкууланып жатканы айтылды.
Өзбек тарап азырынча «Бекабад-Ханабад» бекетиндеги дубалдын бузулушу жана «Карасуу», «Кара-Багыш» бекеттерин кайра ачуу боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Күн мурун Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өткөнү кабарланган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1 314 чакырымдык чек ара тилкелери толугу менен такталган. 2022-жылы ноябрда эки өлкө 30 жылдан бери уланып келаткан чек ара талашына чекит коюлганын билдиришкен.