Элдик курултай боюнча мыйзам долбоор экинчи окууда каралды

16:07, 30 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Депутаттар курултайдын делегаттарын бир жолкуга шайлоо сунушун колдоду.

Жыйында курултайдын ички жана тышкы саясатка, аткаруу бийлигинин иштерине кийлигишүү аракетин сынга алынды.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкөдө саясый кризис түзүлсө, курултай кезексиз жыйынга чогулуп, элдин атынан чечим кабыл алуу укугуна ээ экендигин белгиледи.