Садыр Жапаров: Курманбек Бакиевге ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар

14:56, 30 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Мурдакы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, ал камакка алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маегинде билдирди.

Ал мурдакы президент ырайым аркылуу гана ээн-эркин жүрө алышы мүмкүндүгүн белгилейт.

«Эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек. Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат», — дейт Садыр Жапаров.