Садыр Жапаров Түп районунун акимине сөгүш жарыялады
13:48, 30 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.
Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.
Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат.