Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетексичи Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депуты Жеңишбек Токторбаевдин мыйзам долбоорун өлкө башчысы колдобойт.
«Мындай демилгени — мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. Президент Садыр Жапаровдун Жарылыгы менен, өткөн 2022-жылдын апрель айында, фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда, айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин, жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, Президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз», — дейт ал.