Нурдан Орунтаев «Батуми» кафесинин чыгымын төлөп берет

16:49, 26 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясынын вице-мэри Нурдан Орунтаев «Батуми» кафесинин чыгымын төлөп берет. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, кафени бузууда 3 миллион сомдук зыян келтирилген. Вице-мэр аны төлөп берүүнү өз мойнуна алды.

Вице-мэр менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жолугушуп, Орунтаевге мындан ары жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбөөнү эскертти.