«Батуми» кафесинин бузулушу. УКМК мэриянын кызматкерлерине иш козгоду

14:32, 26 мая 2023, Бишкек - 24.kg

УКМК «Батуми» кафесинин бузулушу боюнча мэриянын кызматкерлерине иш козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, мүлктү атайын жок кылуу фактысы менен из козголду.

Кафеге байланыштуу чырда мыйзам бузуу эки тараптан тең аныкталды. «Батуминин» кожоюндары унаа токтоочу жайды мыйзамсыз колдонушкан.

Мэриянын кызматкерлери ишкерге кемчиликтерди оңдоого мүмкүнчүлүк бербей туруп, жеке мүлктү бузган.

Белгилей кетсек, бүгүн вице-мэр Нурдин Орунтаев УКМКга суракка чакырылды.