Кыздар чет өлкөгө чыгарда маалымат беришет. Мыйзам долбоор даярдалууда

14:06, 26 мая 2023, Бишкек - 24.kg

18 жаштан өткөн кыздар чет өлкөгө чыгарда бара жаткан өлкөсү жана сапарынын максаты тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграциялык кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Ал буга чейин 22 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салуу демилгеси нараазычылык жаратканын белгиледи.

«Кыска юбка кийин парламентке келишкен. Бой жеттим, каякка барам өзүмдүн ишим дейт. Андан ары жоголуп кетпейсиңби. Маалымат берип кой. Дубайда бул отелде иштейм деп. Түркменстан, Казахстан, Тажикстанда кантип чыгарат кыздарды сыртка? Жада калса Европада дагы 23 жашка чейинки кыздарга четке чыгууга чектөөлөр бар. Бизде райондон келип, ата-энесине Москвадамын дейт дагы Бишкекте жүрөт. Ошондуктан биз мыйзам долбоор даярдап жатабыз», — дейт Шайлообек Атазов.

Депутаттын айтымында, өлкөдө жумуш орун жетиштүү болгондуктан чет өлкөгө чыгуунун зарылчылдыгы жок.