Нарматова аскер кызматын өтөй электерге өлкөдөн чыгууга тыюу салууну сунуштады

13:44, 25 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Депутат Надира Нарматова аскер кызматын өтөй элек жигиттерге өлкөдөн чыгууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөгө чыгардан мурда жаштарды аскерде тарбиялаш керек.

Депутат чет өлкөгө барарда мурда ал жактын мыйзамын билип, коопсуздугун камсыз кылуу кеңешин берди.

Надира Нарматова кечээ 23 жашка чейинки кыздарга өлкөдө чыгууга тыюу салууну сунуштаган.